> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттин бюджетинин негизги киреше агымын КНС түзөт - 32%
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/05/mamlekettin-bjudzhetinin-negizgi-kireshe-agymyn-kns-t-z-t-32/
- Published: 2022-09-05T13:55:33.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:41:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 8 айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Белгиленген план 1 млрд 445.5 млн сомго ашыгы менен аткарылган жана келип түшкөн каражаттын негизин КНС түзгөн.

> Салык жана төлөмдөрдү жыйноо түзүмү: **КНС – 32%, Кумтөрдөн** келип түшүүлөр – **21.9%**, пайда салыгы – 16%, киреше салыгы – 10.7%, акциз салыгы – 6.6%, сатуу салыгы – 4%, салыктын башка түрлөрү – 8.8%ды түзгөн.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 млрд 829.4 млн сомго көп салык жыйналган.

Салык кызматы тарабынан башкарылуучу мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшү жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен камсыз кылынган.

---

Буга чейин [Economist.kg кабарлагандай,](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/18/salyk-kyzmaty-i-kvartalda-36-4-mlrd-som-chogulttu/) Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы **155.6 млрд сом** салыктарды жана **41.7 млрд сом** камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.