> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү өндүрүшкө, кен казууга жана финансы секторуна тартылды - 94%
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/09/tike-chet-lk-l-k-investiciyalardyn-negizgi-k-l-m-nd-r-shk-ken-kazuuga-zhana-finansy-sektoruna-tartyldy-94/
- Published: 2022-09-09T10:28:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:34:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (94%) өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

> Берилген маалыматка ылайык, муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү иштетүү **өндүрүш ишканаларында – 5.3 эсеге**, **финансылык** ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө – **2.8 эсеге**, дүң жана чекене соодага – 2.5 эсеге, пайдалуу **кендерди казуу** ишканаларында – **18.9%га** көбөйгөн. Ошол эле убакта маалымат жана байланыш ишканаларында – 14.2%га төмөндөгөн.

2022-жылдын январь-июнунда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы** **2 эсеге** **көбөйүп 628 млн АКШ долларды** түздү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 145 млн АКШ долларынан ашкан.

Улутстатком ошондой эле тике чет өлкөлүк инвестициялардын **түзүмүндө** өткөн жылдын I жарым жылына салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдүн келип түшүүсүнүн көбөйгөнү белгиленди, резидент эместерден алынган кредиттерди кошпогондо, алардын көлөмү 29.8%га кыскарганын белгиледи.