> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылдын биринчи жарымында КР менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 568 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/12/2022-zhyldyn-birinchi-zharymynda-kr-menen-kazakstandyn-ortosundagy-tovar-zh-g-rt-568-mln-dollarga-zhetti/
- Published: 2022-09-12T12:30:06.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:06:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Алты айдын ичинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 568 млн долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24%га өскөн. Бул тууралуу КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун экинчи отурумунда белгилүү болду.**

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

> «Эки өлкөнүн президенттери эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн **2 млрд долларга жеткирүү** милдетин коюшту. Бул милдет өкмөттөр аралык кеңештин 10-отурумунун протоколунда жана мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө да көрсөтүлгөн”, – деди минкабдын төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 2-жыйынынын протоколуна, КРнын Экономика министрлиги менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, КРнын Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жеткирүүнү уюштуруу ниети жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.