> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бул жылы дагы тейлөө тармагы ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүшкө ээ болду - 46.1%
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/12/bul-zhyly-dagy-tejl-tarmagy-idpnyn-t-z-m-nd-e-cho-l-shk-ee-boldu/
- Published: 2022-09-12T17:20:15.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:33:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди (46.1%), бул өткөн жылдын деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.**

Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1.4%дык пунктка төмөндөп, **37.9%ды** түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 19.5%ды түзсө, айыл чарбасынын үлүшү 12.7%ды түзүп, тескерисинче, 1.5%дык пунктка төмөндөдү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу **12.9%** өскөн болсо, 2021-жылдын январь-августунда тескерисинче, 7.7%га төмөндөшү байкалган. 

> Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-авгутуна салыштырмалуу 3.9% өстү (2021-жылдын январь-июлунда 6.1% өскөн).

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукт (ИДП) алдына ала баалоо боюнча 506 млрд сомдун тегерегинде түзүлдү жана 2021-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 8%га жогорулады. 

> **«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда,** үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү **468 млрд сомду** түзүп, **5.1%га жогорулады**.

---

Эскерте кетсек, 2021-жылдын январь-ноябрында ИДП 2.4%га жогорулоо менен 626 млрд сомду түзгөн эле. Анда да ИДПнын өсүү темпинин жогорулашы негизинен, [кызмат көрсөтүүчү тармактардын эсебинен](http://localhost/info-portal/news/2021/12/10/idp-11-ajda-2-4-ga-zhogorulady-bul-tejl-tarmagynyn-esebinen-st/) камсыздалган болчу. 

> Эскерте кетсек, буга чейин Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык божомолунда да [тейлөө чөйрөсү КРнын экономикасын калыбына келтирүүнүн негизги драйвери болот](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/07/09/tejl-ch-jr-s-krnyn-ekonomikasyn-kalybyna-keltir-n-n-negizgi-drajveri-bolot-e-bd-n-bozhomolu/) деп айтылган эле.