> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5.2 млрд доллар – бул ИДПнын 60%ын түзөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/14/kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-5-2-mlrd-dollar-bul-idpnyn-60-yn-t-z-t/
- Published: 2022-09-14T13:09:49.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын мамлекеттик карызы бүгүнкү күндө 5.2 млрд долларды түздү, бул ИДПнын 60%ын түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Инстаграмда түз эфирде Финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.**

Анын айтымында, тышкы карыз **4.2 млрд долларды** (ИДПга карата 50%) түзсө, ички карыз **1 млрд долларды** (ИДПга карата 10%) түздү.

> «Карыздын негизги бөлүгүн Кыргызстандын Кытайга болгон карызы ээлейт, бул 42%ды түзөт. Негизги кредит берүүчүлөрдү карасак, алар Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы. Өлкөлөр арасында Япония дагы негизги кредитор болуп саналат», – деди Татиков.