> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткиребиз
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/29/akylbek-zhaparov-2023-zhyly-konsolidaciyalangan-bjudzhettin-k-l-m-n-500-mlrd-somgo-zhetkirebiz/
- Published: 2022-09-29T10:09:02.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:45:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 28-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Жапаров ички дүң продуктунун өсүшү боюнча эл аралык уюмдардын терс божомолдору ишке ашпаганын билдирди.

> «Тышкы карызды төлөөнүн негизги бөлүгү жакындап калды, ошол эле учурда мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылып жатат. Мындан тышкары, социалдык, маданият тармагынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүп, 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйүүдө. 

> Бардык тармактарда иш жигердүү жүргүзүлүп жатат. Келерки жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн **500 млрд сомго жеткирүүнү** пландап жатабыз», – деди ал. 

Ал кошумчалагандай, глобалдык экономикалык басаңдоо менен катар глобалдык инфляция жогорку деңгээлде калууда. 

> «Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын тийиштүү көлөмдөгү күнүмдүк керектелүүчү продуктулар менен толтурдук. Экономиканын тармактарын 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Балыкчы – Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы жана **2022-жылга пландалган 404 млрд сом өлчөмүндөгү консолидацияланган бюджетти ашыгы менен аткаруу** пландалып жаткандыгын кошумчалады. 

Андан соң финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоору менен тааныштырды. Ал белгилегендей, 2023-жылга консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө белгилөө пландалууда. Кеңири талкуудан кийин сунушталган бюджеттин долбоору жактырылды.