> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бул жылы КРга эң көп Канададан инвестиция тартылган - 26%
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/30/bul-zhyly-krga-e-k-p-kanadadan-investiciya-tartylgan-26/
- Published: 2022-09-30T13:30:37.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:33:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикага келген бардык инвестициянын 26%ы Канадага туура келген. Бул тууралуу маалымат жыйынында Инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.**

Ошондой эле ал журналисттерге 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз инвестициялардын келиши тууралуу маалымат берилди. 

> Баясовдун айтымында, **биринчи орунда** **Канада – 26%** (157 млн$), экинчи – Кытай (20.6%) жана үчүнчү Түркия — 6.1% ($38 млн ) турат.
> 
> 2022-жылдын 6 ай ичинде чет өлкөлүк **инвестициялардын жалпы агымынын суммасы 628 млн долларды** түзгөн. 

Бишкек жана Чүй облустарына инвестициялардын агымы жалпы көлөмдүн 49% же 300 млн доллардан ашык туура келет. Ысык-Көл облусу инвестициялар боюнча лидер болуп эсептелет жана акыркы жылы Талас облусунда да өсүш байкалууда.

> “Азыркы учурда инвестициялардын көпчүлүгү жеңил өнөр жайга, тоо-кен тармагына жана туризмге багытталган”, – деп билдирди Баясов.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз салымдардын көлөмү КРдин тарыхында үчүнчү жолу 1 млрд доллардан ашкан.