> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкаб 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин кирешесин 500 млрд сом өлчөмүндө күтүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/06/minkab-2023-zhyly-konsolidaciyalangan-bjudzhettin-kireshesin-500-mlrd-som-lch-m-nd-k-t-d/
- Published: 2022-10-06T10:07:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:47:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бийлик 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин кирешеси 500 млрд сом өлчөмүндө болот деп күтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев биринчи Бишкек экономикалык форумунда айтты.**

Касымалиев форумда Кыргызстан мамлекеттик башкаруунун, жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле өлкөгө инвестиция тартууну стимулдаштыруу боюнча чаралар көрүлүп жатканын жана бул маселеде бир топ ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. 

> «Үстүбүздөгү жылдын 8 айында эле эч кандай жаңы салыкты киргизбестен, салыктык башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен гана биз жыйымдарды 54%га көбөйтүүгө жетиштик. 

> 2021-жылы консолидацияланган бюджеттин кирешеси **326 млрд сомду** түзсө, **2022-жылы 424 млрд сом, 2023-жылы 500 млрд сом** болот деп күтүп жатабыз», – деди ал.

---

**Кошумча окуңуз:**

[«Кумтөрдү» кошпогондо бир жылда салыктык түшүүлөр 2%га гана өстү — эксперт](http://localhost/info-portal/news/2022/10/05/kumt-rd-koshpogondo-bir-zhylda-salyktyk-t-sh-l-r-2-gana-st-ekspert/)

[Импорт 69%га көбөйдү, экспорт 36%га кыскарды — Экономика министрлигинин жылдык отчету](http://localhost/info-portal/news/2022/10/05/import-69-ga-k-b-jd-eksport-36-ga-kyskardy-ekonomika-ministrliginin-zhyldyk-otchetu/)