> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы КР менен Кореянын соода жүгүртүүсү 55 млн долларды түздү - импорт басымдуулук кылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/06/tk-n-zhyly-kr-menen-koreyanyn-sooda-zh-g-rt-s-55-mln-dollardy-t-zd-import-basymduuluk-kylat/
- Published: 2022-10-06T13:08:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:05:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылы КРнын Корея Республикасы менен соода жүгүртүүсү 55.3 млн долларды түздү жана бул 2020-жылга салыштырмалуу 13.8%га көбөйгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.**

> Маалыматка таянсак, **экспорт – 0.6 млн долларды** (25%га азайган), **импорт – 54.7 млн долларды** (14.4%га өсүш) түзгөн.

2022-жылдын **январь-июль** айларында КРнын Корея менен соода жүгүртүүсү 65.2 млн долларды түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.9 эсеге көбөйгөн. Импорт – 64.7 млн доллар, экспорт – 0.5 млн долларды түзгөн.

Кореядан Кыргызстанга импорттун негизги үлүшүн **жабдуулардын** жана механикалык түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү, **транспорт каражаттары, фармацевтикалык буюмдар, парфюмерия, косметика жана самындар, жуучу каражаттар, текстиль, ар кандай тамак-аш азыктары** түзгөн.

> Кореяга Кыргызстандан **аз көлөмдө кургатылган** жана тоңдурулган **жашылчалар, авиакеросин, табигый бал, чийки терилер, пластмасса** жана резина иштетүүчү жабдуулар, компьютерлер, бут кийимдер жана башкалар экспорттолот.