> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/07/d-jn-l-k-bank-kyrgyzstandyn-ekonomikasy-eldi-zhakyrchylyktan-korgop-kaluuga-dayar-emes/
- Published: 2022-10-07T16:21:42.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:31:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын экономикасы экономикалык соккуларга алсыз жана өлкө чарбаларын жакырчылыктан сактап калууга даяр эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын КРдагы жакырчылыктын абалы боюнча акыркы талдоосунда айтылат.**

> Ошондой эле баяндамада экономикалык өсүүнүн туруксуз булактары болуп эсептелген **акча которуулар** жана **алтын казып алуу** терс экономикалык сокку учурларында жакырчылык тобокелдиктерин күчөтөт деп айтылат.

COVID-19 пандемиясына чейин деле **экономикада стагнация болуп**, туруктуу өнүгүү болбой келген. Мисалы, 2015-жылы калктын жан башына кирешеси 2013-2014-жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткен жана **акыркы жети жылда ал киши башына 1200 доллардын тегерегинде гана** болуп калган. Ушундай эле көрүнүш иш менен камсыз кылуу түзүмүндө байкалган, жумушчу күчтүн айыл чарбасынан (негизинен) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жылышы 2016-жылга чейин көбүрөөк байкалып, андан кийин токтоп калган.

> Дүйнөлүк Банк өзүнүн баяндамасында экономиканын чийки заттарга (алтын жана айыл чарба продукциялары) жана акча которууларга катуу көз каранды болушу аны эл аралык рыноктогу олку-солку кырдаалга жана тышкы таасирлерге көбүрөөк аялуу болушуна шарт түзөт, бул өз кезегинде жумуш орундарына коркунуч туудурат, ошондой эле чарбалардын жакырчылыкка киришин шарттайт дейт .

---

[«Кумтөрдү» кошпогондо бир жылда салыктык түшүүлөр 2%га гана өстү — эксперт](http://localhost/info-portal/news/2022/10/05/kumt-rd-koshpogondo-bir-zhylda-salyktyk-t-sh-l-r-2-gana-st-ekspert/)

[КР бизнес үчүн ыңгайсыз шарттарды жана жакырчылыкты канткенде жеңет — Дүйнөлүк банктын эксперттеринин пикири](http://localhost/info-portal/news/2022/10/07/kr-biznes-ch-n-y-gajsyz-sharttardy-zhana-zhakyrchylykty-kantkende-zhe-et-d-jn-l-k-banktyn-ekspertterinin-pikiri/)