> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Келерки жылы бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сомду түзөт - Финансы министрлигинин божомолу
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/10/kelerki-zhyly-bjudzhettin-tartyshtygy-21-mlrd-somdu-t-z-t-finansy-ministrliginin-bozhomolu/
- Published: 2022-10-10T17:08:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:26:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда 344 млрд сомду (ИДПга карата 37.1%) түзөт. Бул 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 52.8 млрд сомго көп. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Финансылык активдерди эсепке алганда чыгашалардын көлөмү **382.2 млрд сомду** түзөт, анын ичинде:

- бюджеттик каражаттар – 314.7 млрд сом
- атайын эсептердеги каражаттар – 19.8 млрд сом
- мамлекеттик инвестициялык фонддор – 47.6 млрд сом.

2024-2025-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда, тиешелүүлүгүнө жараша 375.8 млрд сомду жана 420.3 млрд сомду түзөт.

> Мындан тышкары, 2023-жылга карата республикалык **бюджеттин тартыштыгы 21.3 млрд сомду** же ИДПга карата 2.3%ды түзөт. Аталган министрлик 2023-жылдагы тартыштыкты жабууга 21.3 млрд сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралып жатканын да кошумчалады.

- Ички булактар боюнча 2.3 млрд сом өлчөмүндө терс сальдо бар
- Тышкы булактар боюнча 18.9 млрд сом өлчөмүндө оң сальдо каралган.

2024-2025-жылдары республикалык бюджеттин **профицити** тиешелүүлүгүнө жараша 13.4 млрд сом жана 23.5 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылууда.