> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сентябрда Кыргызстандын ИДПсы 7.2%га өстү - «Кумтөрсүз» 4.9%
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/10/sentyabrda-kyrgyzstandyn-idpsy-7-2-ga-st-kumt-rs-z-4-9/
- Published: 2022-10-10T15:45:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Ички дүң продукт (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 597 млрд сомду түздү жана 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.2%га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

> **«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда,** үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын көлөмү 555 млрд сомду түздү жана **4.9%га жогорулады**.

#### **Өнөр жай**

**Өнөр жай продукцияларынын** көлөмү 2022-жылдын январь-сентябрь айларында **299 млрд сомду** түздү жана өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 16.6%га жогорулады, буга себеп негизги металлдардын өндүрүлүшү (37.9%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (28.2%), мунай заттардын (13.1%), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (12.1%), текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдардын өндүрүшүндө (5%) ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (8.7%) өсүшү таасирин тийгизди.

> Статистикалык маалыматтарга таянсак, **курулуш, айыл чарба, дүң жана чекене соода тармактарында оң тенденциялар** байкалган, алардын көлөмү курулушта – 4.3%га, айыл чарбасында – 6.5%, дүң жана чекене соодада – 7.2%га жогорулады.

#### Баалардын өсүшү

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча **10.6%ды** түздү. Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 17%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12.4%га, азык-түлүк эмес товарларга баалар 7.6%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6.6%га өстү.

#### Сооданын көлөмү

КРнын товарларынын **тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү** 2022-жылдын январь-август айларында 7.2 млрд АКШ долларды түздү жана 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу **36.4%га көбөйдү**, **муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 36%га азайса, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1.8 эсе жогорулады.**

КРнын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-августунда 2.8 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-августуна салыштырганда 33.8%га өстү. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 1.5 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 27.6%га жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-август айларында Россияга (70.6%) жана Казакстанга (27.2%) туура келди.