> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз айда мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211.4 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/10/toguz-ajda-mamlekettik-bjudzhettin-kireshelerinin-zhalpy-k-l-m-211-4-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-10-10T13:42:28.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:40:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211.4 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 45.5%га же 66.1 млрд сомго өскөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Маалыматка таянсак, **салыктык кирешелердин** көлөмү каралган мезгилде **163.4 млрд сомду** түзгөн. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 56 млрд сомго же 52%га өскөн.

Ал эми **Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 52.9 млрд сомду** түзгөн. Ɵткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 62.3 %га же 20.3 млрд сомго өскөн.

Ошондой эле **Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 110.5 млрд сомду** түзгөн. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелери 47.7%га же 35.7 млрд сомго өскөн.

Мамлекеттик бюджеттин **салыктык эмес түшүүлөрү** каралган мезгилде 37.7 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу жыйымдар 5.9 млрд сомго же 18.6%га өскөн. 

Расмий **гранттардын түшүүсү 10.3 млрд сомду** түзгөн. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу гранттардын түшүүлөрү 4.2 млрд. сомго көбөйгөн.