> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттады 17% - максималдуу өсүү Нарында байкалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/11/byjyl-e-k-p-alkogolduk-ichimdikter-menen-tameki-kymbattady-17/
- Published: 2022-10-11T11:17:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:37:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 10.6%ды түздү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

Муну менен бирге **алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 17%га**, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12.4%га, азык-түлүк эмес товарларга баалар 7.6%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6.6%га өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында белгиленди. Муну менен бирге **баалардын** **(15%) максималдуу өсүшү Нарын облусунда** белгиленди. 

> “Буга себеп, башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук суусундуктар жана тамеки заттарга болгон баалардын өсүшү (41.3%) болду”, – дейт Улутстатком.