> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жашоо минимуму 7242 сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/14/kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-7242-somdu-t-zd/
- Published: 2022-10-14T11:32:48.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:32:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 7 242 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13.5%га өстү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн өсүшү бардык региондордо белгиленди. 

> Анын эң жогорку нарктык чоңдугу **Жалал-Абад облусунда – 7 495 сомду** түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн 10.8%га жогорулады, ал эми эң төмөнкүсү – Талас облусунда 6 584 сом өлчөмүндө түзүлүп, орточо республикалык деңгээлден 12.5%га төмөн болду.

Эскерте кетсек, жылдын башында Кыргызстанда жашоо минимуму 6 813 сомду [түзгөн](http://localhost/info-portal/news/2022/04/13/2022-zhyldyn-i-kvartalynda-kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-6-813-somdu-t-zd/) болчу. 

- КРнын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы **азык-түлүк товарларынын үлүшү 65%ды**, азык-түлүк эмес товарлар – 16%ды, кызмат көрсөтүүлөр – 17%ды жана салыктар 2%ды түзөт.

Ал эми 2022-жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча **10.6%га** жеткен. 

Эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы кымбаттап, ал **17%га** чейин көтөрүлгөн, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12.4%га, азык-түлүк эмес товарларга баалар 7.6%га, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6.6%га өскөн. Ошондой эле **баалардын** **(15%) максималдуу өсүшү Нарын облусунда** [белгиленген](http://localhost/info-portal/news/2022/10/11/byjyl-e-k-p-alkogolduk-ichimdikter-menen-tameki-kymbattady-17/).