Кыргызстанда жумушсуздук эки жыл бою 9% деңгээлинде сакталат - ЭВФтин болжолу

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 9%ды түзөт. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) октябрь айындагы отчетунда айтылгандай 2023-жылы деле ошол деңгээлде калат.

Кошумчалай кетсек, эксперттер келерки жылы КР ИДПсынын басаңдашын болжолдошууда. Финансисттер 2022-жылдын аягында өлкөнүн ИДПсынын өсүшү 3.8%ды түзсө, келерки жылы 3.2%га төмөндөйт деп болжолдошууда.

Инфляция жогорку деңгээлде сакталуусу болжолдонууда, тагыраак айтканда, 2022-жылдын аягында ал 13.5% деңгээлинде, ал эми кийинки жылы 12.4%га чейин төмөндөйт.


Белгилей кетсек, Улутстаткомдун маалыматына караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын көлөмү 555 млрд сомду түздү жана 4.9%га жогорулаган.

Ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жаз мезгилиндеги божомолун кайрадан карап чыгып, 2023-жылы КРнын ИДПсы өсө тургандыгын болжолдогон.

«КРнын экономикасы реэкспорт, акча которуу жана россиялык компаниялардын жана башка жарандардын өлкөгө көчүп келүүсүнүн эсебинен пайда көрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда ИДПнын өсүшү 2022-жылы да, 2023-жылы да 7% деңгээлинде болжолдонууда», – деген аталган банк.