> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести чукул колдоо долбооруна 280 млн сом бөлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/20/finansy-ministrligi-chakan-zhana-orto-biznesti-chukul-koldoo-dolbooruna-280-mln-som-b-lg-n/
- Published: 2022-10-20T13:42:16.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:00:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо максатында 10 коммерциялык банкка 280 млн сом которду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Каражаттар пандемиядан кийинки кризистен чыгууда микро, кичи жана орто ишканаларды колдоо үчүн “Өзгөчө кырдаалдарда жеке жана финансы секторун колдоо” долбоорунун алкагында которулган. 

> Кредиттик жана гранттык каражаттар **Дүйнөлүк банк** жана **Азия инфраструктуралык инвестиция банкы** тарабынан бөлүнгөн. Долбоордун суммасы **72 млн доллар** же **6 млрд сомду** түзөт. Финансы министрлиги каржылоонун көлөмүн дагы **50 млн долларга** көбөйтүү боюнча макулдашууга ниеттенүүдө.

Долбоор айыл чарбасынан башка ишкердикти колдойт жана каржылайт. Каржылык жардам **сом менен**, **пайызсыз кайтаруу шартында** берилет.

Долбоордун катышуучулары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымат бериши керек, ошондой эле эки категорияга бөлүнгөн төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

- жылдык жүгүртүүсү **8 млн сомдон** ашпаган жеке ишкерлер. Алар 18 айга чейин 250 миң сомго чейин жардам ала алышат
- жылдык жүгүртүүсү **30 млн сомдон** ашпаган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар. Аларга 18 айга чейин 1 млн сомго чейин жардам көрсөтүлөт.

Коммерциялык банктардын ичинен тандоо жүргүзүлүп, төмөндөгү банктар менен келишимдер түзүлдү:

- «Айыл Банк»
- «РСК банк»
- «Керемет Банк»
- «Доскредобанк»
- «Халык Банк Кыргызстан»
- «ФинансКредитБанк»
- «Банк Азии»
- «Коммерческий банк Кыргызстан»
- «Кыргызкоммерцбанк»
- «Бакай банк»
- «Капитал банк».