> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга ИДПга карата 38% деңгээлинде болжолдонууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/24/mamlekettik-bjudzhettin-kireshelerinin-zhalpy-k-l-m-2023-zhylga-idpga-karata-38-de-geelinde-bolzholdonuuda/
- Published: 2022-10-24T17:01:22.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:52:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “КРнын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзам долбоорун караганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.**

Жыйында Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга 352 323.0 млн суммасында же **ИДПга карата 38%** деңгээлинде болжолдонуп жатканын билдирди.

> Муну менен катар мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 2023-жылы 322 766.0 млн сом суммасында каралып жатат.

Ал эми 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү каржылык активдерди эсепке албаганда 344 029.2 млн сом болору белгиленди.