Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга ИДПга карата 38% деңгээлинде болжолдонууда
Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “КРнын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзам долбоорун караганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга 352 323.0 млн суммасында же ИДПга карата 38% деңгээлинде болжолдонуп жатканын билдирди.
Муну менен катар мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 2023-жылы 322 766.0 млн сом суммасында каралып жатат.
Ал эми 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү каржылык активдерди эсепке албаганда 344 029.2 млн сом болору белгиленди.