> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир жылда 500 миңге жакын Visa карталары чыгарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/25/kyrgyzstanda-bir-zhylda-500-mi-ge-zhakyn-visa-kartalary-chygaryldy/
- Published: 2022-10-25T10:55:20.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:32:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын аягында Кыргызстанда карталардын саны 4.3 миллиондон ашты. Алардын 1.5 миллиондон ашыгы Visa төлөм системасынын карталары экени Улуттук банктын отчетунда айтылат.**

> Регулятордун берген маалыматы боюнча, жыл ичинде Visa карталарынын өсүшү 487 миң даанадан ашкан. Алардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына туура келет – борбордо дээрлик **1.1 млн** төлөм карталары колдонулат.

Андан кийинки орунда **Ош (129.5 миң)** жана Жалал-Абад (108 миң) облустары турат.

Мындай өсүшкө карабастан, «Элкарт» төлөм системасынын карталары саны боюнча биринчи орунду ээлейт – ал дээрлик 2.6 миллионго жетет, бирок ал бир жыл ичинде 300 миң гана карта чыгарган.