Кыргызстанда бир жылда 500 миңге жакын Visa карталары чыгарылды
Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынын аягында Кыргызстанда карталардын саны 4.3 миллиондон ашты. Алардын 1.5 миллиондон ашыгы Visa төлөм системасынын карталары экени Улуттук банктын отчетунда айтылат.
Регулятордун берген маалыматы боюнча, жыл ичинде Visa карталарынын өсүшү 487 миң даанадан ашкан. Алардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына туура келет – борбордо дээрлик 1.1 млн төлөм карталары колдонулат.
Андан кийинки орунда Ош (129.5 миң) жана Жалал-Абад (108 миң) облустары турат.
Мындай өсүшкө карабастан, «Элкарт» төлөм системасынын карталары саны боюнча биринчи орунду ээлейт – ал дээрлик 2.6 миллионго жетет, бирок ал бир жыл ичинде 300 миң гана карта чыгарган.