> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 42.8%ды түзөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/27/chakan-zhana-orto-biznestin-kyrgyzstandyn-idpsyndagy-l-sh-42-8-dy-t-z-t/
- Published: 2022-10-27T11:14:38.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 1-январына карата КРда 17 миңден ашык чакан жана орто ишканалар иштеп жатканы такталган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда **430 миңден ашык жеке ишкер** жана 467 миңден ашуун дыйкан чарбалары бар.

2021-жылы дыйкан чарбаларды кошпогондо чакан жана орто ишканаларда иштегендердин саны **523 миңге жакын** адамды же экономикада иштегендердин жалпы санынын **20.5%ын** түзөт.

Чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) тарабынан өндүрүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү 309.5 млрд сомду же ИДПнын 42.8%ын түздү.