Кыргызстанда жакырчылыктын дэңгээли өсүүдө - айрыкча, Баткен менен Бишкекте

2019-жылдан 2021-жылга чейин өлкөдө жакырчылыктын деңгээли жыл сайын өсүүдө. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

2019-жылы жалпы калктын 20.1%ы жакырчылыктын деңгээлинде болсо, 2020-жылы ал 25.3%ды түзгөн, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 33.3%га өсүп, өтө жакырчылыктын деңгээли 6%га жеткен.

Маалыматка таянсак, 2021-жылдын маалыматы боюнча эң көп жакыр жашаган калктын саны Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жана Бишкек шаарында байкалган. Өтө жакырчылыктын чегинде жашаган тургундардын көбү Баткен облусунда жана Бишкек шаарларында жашашат.

Кошумча окуңуз:

Украинадагы согуштан улам Кыргызстанда дагы 67.6 миң бала жакырчылыкта калышы мүмкүн — ЮНИСЕФ

Балалуу болуу жакырчылык тобокелдигин 2.5 эсеге жогорулатат — Дүйнөлүк банк

Кыргызстанда байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым өсүп баратат