> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдөгү жеке ишкерлердин көбү Ош облусунда - 86.3 миң
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/10/27/lk-d-g-zheke-ishkerlerdin-k-b-osh-oblusunda-86-3-mi/
- Published: 2022-10-27T14:30:52.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:41:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 1-январына карата КРнын аймагында 17 миңден ашык чакан жана орто ишканалар, 430 миң жеке ишкерлер, ошондой эле 467 миңден ашык дыйкан чарбалары иштеп жатат. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> 2021-жылдын отчетуна ылайык, региондор боюнча жеке ишкерлердин эң көп саны **Ош облусунда – 86 миң 339 жеке ишкер** (Ош шаарынын өзүндө – 36 миң 638) катталган. Андан кийинки орунда Бишкек шаары (48 миң 990) жана Ысык-Көл облусу (48.5 миң) турат.

Республика боюнча **кичи ишканалардын эң көбү Бишкек шаарында** – 10 миң 200, Чүй облусунда – 2 миң 211, Ошто – 1 миң 29 катталган.

Орто ишканалардын да эң көбү борбордо – 450, Чүй облусунда 108, Ошто – 54 жана Ысык-Көлдө – 53 жайгашкан.

Ал эми **эң көп фермердик чарбалар Ош облусунда – 131 миң 99**, Жалал-Абад облусунда – 107 миң 99, Чүй облусунда – 67 миң 976 катталган.