> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Октябрь айында өлкөдөгү жылдык инфляция 14.9%ды түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/01/oktyabr-ajynda-lk-d-g-zhyldyk-inflyaciya-14-9-dy-t-zd/
- Published: 2022-11-01T11:03:37.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:41:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда 2022-жылдын 21-октябрына карата маалыматтар боюнча жылдык инфляция ушул эле жылдын сентябрь айындагы 15.5%дан төмөндөп 14.9%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.** 

2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча КРда ИДӨ боюнча реалдуу өсүш өткөн жылдагы төмөн базанын таасиринен улам **7.2%ды** түзгөн. 

Кыйла жогорку өсүш арым **өнөр жай, айыл чарба** менен **кызмат көрсөтүү секторунда** катталган. Тышкы чөйрө дүйнөдөгү инфляциялык процесстердин күчөшүнүн алкагында глобалдуу финансылык шарттардын катуулашы менен мүнөздөлөт.

> “Керектөө бааларынын учурдагы өсүшү, негизинен, монетардык эмес мүнөзгө ээ болуп, көбүнчө дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия продукциялар рыногунун таасири сыяктуу эле, Кыргызстандын экономика түзүмүнүн таасирин, анын ичинде жогорку деңгээлде импортко көз карандылыкты чагылдырат”, – дейт регулятор. 

Улуттук банк Кыргызстанда акча-кредиттик шарттар олуттуу деле өзгөргөн эмес жана катуулатылган бойдон турганын, акча жана валюта рынокторундагы жагдай туруктуу экенин белгиледи.

> “Келечекте глобалдуу экономикалык өнүгүү сыяктуу эле, **регионалдык экономикалык өнүгүүдө да белгисиздик сакталып турат**, ал КРда андан аркы экономикалык процесстерди алдын ала аныктаган фактор болуп саналат. Ички суроо-талаптын, анын ичинде эмгекке жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө кеткен мамлекеттик чыгашалардын өсүшүнүн эсебинен калыбына келиши, мурдагыдай эле, инфляциянын динамикасына өз салымын кошот”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн [14% деңгээлинде калтыруу](http://localhost/info-portal/news/2022/11/01/uluttuk-bank-eseptik-chendi-14-de-geelinde-kaltyrdy/) чечимин кабыл алды. 

Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары **2022-жылдын аягында** КРда инфляциянын деңгээли 15.3%га жетет деп [болжолдошкон](https://eabr.org/upload/iblock/d15/EDB%5FMacroreview%5F2022%5F05%5FRU%5Fweb.pdf) эле. Ал эми буга чейин Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция [15.5%дын тегерегинде](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/06/08/uluttuk-bank-zhyl-ayagyna-chejin-inflyaciya-15-5-de-geelinde-bolot-dep-k-t-d-ukrainadagy-sogushtun-taasiri/) болорун божомолдогон болчу.