> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматы тогуз айда белгиленген планды 11.9 млрд сомго аз аткарды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/03/bazhy-kyzmaty-toguz-ajda-belgilengen-plandy-11-9-mlrd-somgo-az-atkardy/
- Published: 2022-11-03T11:30:28.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:34:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик Бажы кызматы тогуз айда Финансы министрлиги белгилеген пландын 81.6%ын гана аткара алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, бажы төлөмдөрүнүн болжолдуу түшүшү **64.8 млрд сомду** түзгөн. Алардын ичинен алымсыз бажы төлөмдөрү – 50 млрд 400 млн сом, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн салым 14 млрд 400 млн сом болгон. 

> “Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча, Бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү – **52.9 млрд сомду** түздү. Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландаштырылган көрсөткүчтөн 81.6%ды түздү, же болбосо, **11 млрд 915 млн сом өлчөмүндө аз** аткарылып жатат”, – деген Исабеков буга түшүндүрмө бар экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал 2021-жылдын тогуз айына салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 20.3 млрд сомго көбөйгөнүн, же болбосо, өсүү темпи – 162.3%га жогору болгонун белгиледи.