> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кумтөрдөн 11.8 тонна алтын сатылып, андан 680 млн доллар түшкөн - компаниянын отчету
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/03/byjyl-kumt-rd-n-11-8-tonna-altyn-satylyp-andan-680-mln-dollar-t-shk-n-kompaniyanyn-otchetu/
- Published: 2022-11-03T10:05:05.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:37:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын тогуз айында Кумтөр 11 805.37 кг (379 551 унция) алтын сатты. Бул тогуз айда алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 679.8 млн долларды түздү.**

Мындай маалымат кечээ, 2-ноябрда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды.

> 2009-жылы «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана КРнын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимде каралгандай, Кумтөр кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо кайра иштетилип чыгуу үчүн **«Кыргызалтын» ААК тарабынан сатылып алынат.** 

> Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатууга эксклюзивдүү укук **«Кыргызалтын» ААКсына гана** таандык.

2022-жылдын башынан бери мурда казылып алынган рудалардын запастарын кайра иштетүүнү эске алуу менен, алтын өндүрүүнүн көлөмү 2021-жылдын тогуз айында казылып алынган 292 970 унцияга салыштырмалуу 33%га өсүп, 389 357 унцияны түздү.

Компания өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшү биринчи кезекте комбинатка берилген **рудадагы алтындын курамынын жогору болушуна**, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болгонун айтат.

Отчетто айтылгандай, 2022-жылдын тогуз айында фабрикага ар кандай сорттогу кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо курамы 3.40 г/т, рудадан алтынды алуу 79.2%ды түздү, ал эми ушул эле мезгилде 2021-жылы бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 2.72 г/т жана 71.8%ды түзгөн.