> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз айда консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306.3 млрд сомду түздү - жыл аягына чейин план 404 млрд сом
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/04/toguz-ajda-konsolidaciyalangan-bjudzhettin-resurstary-306-3-mlrd-somdu-t-zd-zhyl-ayagyna-chejin-plan-404-mlrd-som/
- Published: 2022-11-04T10:47:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:33:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында быйылкы тогуз айын жыйынтыгы жана кийинки үч жылга карата республикалык бюджеттин күтүлгөн пландары тууралуу маалымат берүүдө.**

Анын айтымында, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары **503.4 млрд сомг**о пландалууда.

> “2021-жылы бир жылда 313 млрд сомго чыгардык, 65 млрд сомго көбүрөөк болду. 2020-жылды 2010-жыл менен салыштыра турган болсок, он жылда 96 млрд сомдон, 248 млрд сомго араң көтөргөнбүз. 
> 
> 2022-жылы **404 млрд сомго** чыгарабыз деп турабыз, же 2021-жылга салыштырганда 91 млрд сомго өсүш көбүрөөк болот. Өткөн жылы өсүү темпи 126%ды түзгөн, 2022-жылы болсо, 129%ды түздү”, – деди ал.

Ошондой эле Жапаров 2023-жылы 99 млрд сомго өсүү болорун же өсүү темпи 124%ды түзөрүн күтүп жатканын белгиледи. 

> “Пландалган 400 млрд сомго жетиш үчүн, күнүнө майрамга карабай, 1.1 млрд сомду таап, аны экономикага киргизип турушубуз керек. Ал эми 500 млрд сомду мойнубузга алганда, күнүнө 1.3-1.5 млрд сом табышыбыз керек.
> 
> Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстары **306.3 млрд сомду** түздү, жылдын аягына чейин 404 млрд сомго жетебиз деп турабыз”, – деди минкабдын төрагасы.