> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйылкы жылы бюджеттин таңкыстыгы Кыргызстандын тарыхында рекорддук көрсөткүчкө - 35 млрд сомго жетиши мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/09/byjylky-zhyly-bjudzhettin-ta-kystygy-kyrgyzstandyn-taryhynda-rekordduk-k-rs-tk-chk-zhetip-35-mlrd-somgo-zhetishi-m-mk-n/
- Published: 2022-11-09T09:37:13.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:37:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин таңсыктыгы 35 млрд сомго жетиши мүмкүн, бул өлкө тарыхындагы эң чоң бюджеттик таңкыстык болуп калат. Мындай маалыматты 4-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин мүчөлөрү билдиргенин «Азаттык» кабарлады.**

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, 2022-жылга республикалык бюджеттин кирешеси **282.1 млрд сом** өлчөмүндө эсептелген. Чыгымдар **291.2 млрд сом** деңгээлинде болгон. Бюджеттин тартыштыгы 9.1 млрд сомду түзүшү керек болчу.

Бирок быйыл Бажы кызматы 98 млрд сом чогултуу планын [аткара албай](http://localhost/info-portal/news/2022/11/03/bazhy-kyzmaty-toguz-ajda-belgilengen-plandy-11-9-mlrd-somgo-az-atkardy/), 10 айда 59.1 млрд сом гана жыйнаган. Божомолдорго ылайык, быйылкы жылга чогулган каражаттардын жалпы көлөмү 20 млрд сом же пландалгандан [20% аз](http://localhost/info-portal/news/2022/11/02/bazhy-kyzmaty-t-l-md-rd-chogultuu-planyn-atkarbagandyktan-bjudzhetke-byjyl-24-mlrd-som-t-shp-j-kalat/) болот.

Министрлер кабинети Баткен облусун калыбына келтирүү иштерине кошумча чыгымдардан улам, 2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 35 млрд сомго жетиши мүмкүн экенин, бул Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң бюджет тартыштыгы болорун моюнга алды. 

> «Бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, быйылкы жылы дефицит 35 млрд сомду түзөт. Бирок иш жүзүндө азыраак болот. Баткен облусундагы соңку окуяларга байланыштуу бир топ чыгашалар жаралды”, – деп түшүндүрдү Финансы министри Алмаз Бакетаев.