> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ИДПсы болжол менен 689 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/11/kyrgyzstandyn-idpsy-bolzhol-menen-689-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-11-11T17:33:55.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:23:03.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү болжол менен 689 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га көбүрөөк. Мындай алдын ала маалыматты Улутстатком билдирди.**

“Кумтөрдү” эсепке албаганда, отчеттук мезгилде ИДПнын көлөмү 641 млрд сомду түзүп, 5%га өстү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 338 млрд сомду түздү.

Жыл ичинде өсүш 14.3%ды түздү, бул төмөнкүлөрдү өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен болду: негизги металлдар (32.1%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия продукциялары (30.7%), мунай продуктулары (12.8%), тамак-аш азыктары (анын ичинде ичимдиктерди) жана тамеки продукциясы (11.9%) , текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар (5.5%), ошондой эле тоо-кен казып алуу (6.1%).

Оң тенденциялар төмөнкү чөйрөлөрдө байкалган: курулушта – көлөмү 5%га өскөн, айыл чарбасында өсүш – 6.7%ды, дүң жана чекене соодада – 7.3%ды түзгөн.