> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду 24 млн доллардык долбоорлорду ишке ашырмакчы
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/11/venger-kyrgyz-n-kt-r-fondu-24-mln-dollardyk-dolboorlordu-ishke-ashyrmakchy/
- Published: 2022-11-11T10:42:55.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:22:48.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы суммасы 24 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда, Самаркандда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.**

Өлкө лидерлери транспорт, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты.

> Жапаров Виктор Орбан менен Венгриянын президенти Каталина Новакты Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырып, бул иш-чаралар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдейт деп ишенерин билдирди.

Орбан өз кезегинде лидерлердин бетме-бет жолугушуулары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жакшы түрткү берерин баса белгилеп, учурда жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар каралып жатканын эске салды.

Венгриянын премьер-министри ошондой эле экономикалык кызматташуу жаатында иш чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мисал катары **өлкөлөр ортосунда** **түз авиакаттам ачуу керектигин** айтты.

Жапаров менен Орбан эки өлкөгө тең пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/4BEC38F2-1D34-4786-84B2-961F5BA02B32-scaled-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/4BEC38F2-1D34-4786-84B2-961F5BA02B32-scaled-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/1D6DD475-4184-4193-BEE5-27DBCDDA7688-scaled-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/1D6DD475-4184-4193-BEE5-27DBCDDA7688-scaled-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/C0F65CE7-526D-4EA1-A091-72C36FEDDFCD-scaled-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/C0F65CE7-526D-4EA1-A091-72C36FEDDFCD-scaled-1.jpeg)