> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл күз-кыш мезгилин өткөрүүгө энергосекторго 15.6 млрд сом каралууда - 11 млрд сому берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/14/byjyl-k-z-kysh-mezgilin-tk-r-g-energosektorgo-15-6-mlrd-som-karaluuda-11-mlrd-somu-berildi/
- Published: 2022-11-14T12:11:21.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:37:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика тармагына жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө 15.6 млрд сом суммасында каражат каралып, анын ичинен бюджеттик каражаттан 11 млрд сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.** 

**Анын ичинен:** 

- “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоо үчүн “Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча **1.4 млрд сом** каралган. Бүгүнкү күндө ал сумма толугу менен бөлүнгөн. Ошону менен бирге «Кыргызтеплоэнерго» ААК жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн **165 млн сом** суммасында кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда.
- Бийик тоолуу, алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына төлөө үчүн **50%дык** жеңилдикти компенсациялоого **150 млн сом** каралып, анын ичинен 148.7 млн сом бөлүнгөн.

Коммуналдык кызматтарга байланыштуу республикалык бюджеттен каржыланган чыгашаларга 2022-жылдын 31-ноябрына карата **3 млрд сом** каралган, анын ичинен 1.7 млрд сому электр/жылуулук ресурстарына бөлүнгөн. Анын ичинен:

- электр энергиясы үчүн төлөөгө – 1.4 млрд сом
- жылуулук энергиясына төлөөгө – 265.4 млн сом
- жаратылыш газын төлөөгө – 23.5 млн сом
- республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 271 млн сом каралып, анын 237.3 млн сому бөлүнгөн.

> Электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, Бала-Саруу ГЭСин курууга **11.1 млрд сом** бюджеттик кредит карларган. Бүгүнкү күндө анын 7.5 млрд сому бөлүнгөн.