> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын тышкы карызы өсүүдө - учурда 5 млрд 218 млн долларга жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/14/kyrgyzstandyn-tyshky-karyzy-s-d-uchurda-5-mlrd-218-mln-dollarga-zhetti/
- Published: 2022-11-14T15:28:26.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 5 млрд 218 млн долларын (418 млрд 384 млн сом) түздү.** 

**Финансы министрлиги берген [маалыматка](https://www.minfin.kg/posts/obsluzhivanii-gosudarstvennogo-dolga-za-yanvar-ok) таянсак, карыздар томөндөгүдөй:**

- 79.8% мамлекеттик тышкы карыз – **4 млрд 162 млн доллар** (333 млрд 769 млн сом)
- 20.2% мамлекеттик ички карыз – **1 млрд 28 млн доллар** (84 млрд 615 млн сом).

2022-жылдын январь-октябрь айларында КРнын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы + ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 28 млрд 854 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.  

**Алар:**

- мамлекеттик тышкы карыз боюнча – **19 млр 511 млн сом**
- мамлекеттик ички карыз боюнча – **9 млрд 343 млн.**

Улутсаткомдун берген[ маалыматын](http://www.stat.kg/kg/opendata/category/34/) карасак, Кыргызстандын тышкы карызы беш жыл катары менен көбөйүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 5 млрд 150 млн долларды (436 млрд 587 млн сом) түзгөн.