> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын калкынын реалдуу акчалай кирешеси 4.3%га көбөйдү - Улутстатком
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/16/krnyn-kalkynyn-realduu-akchalaj-kireshesi-4-3-ga-k-b-jd-inflyaciyanyn-de-geeli-12-1-dy-t-zd/
- Published: 2022-11-16T15:58:31.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:33:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын калкынын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4.3%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

Бул 2022-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген жана ал **272.3 млрд сомду** түзгөн.

Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында 307.2 млрд сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17.7%га көбөйдү. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Screen-Shot-2022-11-16-at-15.53.52.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Screen-Shot-2022-11-16-at-15.53.52.png)

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында жалпы республика боюнча **айына 7 408 сомду** түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15.2%га көбөйгөн.

> Ошол эле мезгилде Улутстаткомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда **инфляциянын деңгээли** өткөн жылдын декабрь айында 7.9% болсо, быйыл октябрда **[12.1%га жетти](http://localhost/info-portal/news/2022/11/16/kyrgyzstanda-inflyaciyanyn-de-geeli-12-1-dy-t-zd-azyk-t-l-k-tovarlar-tejl-kymbattady/).** Буга азык-түлүк товарларына (13.1%), азык-түлүк эмес товарларга (10%) керектөө бааларынын өсүшү жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө (8%) баалардын өсүшү таасирин тийгизген. Башкача айтканда, өлкөдө кымбаттаган баалар калктын кирешесинин көбүн “жеп” коюуда.