> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 12.1%ды түздү - азык-түлүк, товарлар, тейлөө кымбаттады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/16/kyrgyzstanda-inflyaciyanyn-de-geeli-12-1-dy-t-zd-azyk-t-l-k-tovarlar-tejl-kymbattady/
- Published: 2022-11-16T09:29:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө белгиленди. Бул тууралуу кечээ, 15-ноябрда Улутстаткомдун маалыматында айтылды.**

2022-жылдын октябрында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли **(17.2%) Казакстанда** катталган, тамак-аш азыктарынын эсебинен (анын ичинде алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге) 21.2%га жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар 12.6%га жогорулаган. Беларусь Республикасында азык-түлүк эмес товарларга баанын максималдуу өсүшү – 16.8%га байкалган.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Screen-Shot-2022-11-16-at-09.20.56.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Screen-Shot-2022-11-16-at-09.20.56.png)

> Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өткөн жылдын декабрь айында 7.9% болсо, быйыл октябрда **12.1%**га жетти. Буга азык-түлүк товарларына (13.1%), азык-түлүк эмес товарларга (10%) керектөө бааларынын өсүшү жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө (8%) баалардын өсүшү таасирин тийгизген.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Screen-Shot-2022-11-16-at-09.24.50.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Screen-Shot-2022-11-16-at-09.24.50.png)