> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик жакынкы үч жылда Кумтөрдөн 41 млрд сом түшөт деп күтүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/21/bijlik-zhakynky-ch-zhylda-kumt-rd-n-41-mlrd-som-t-sh-t-dep-k-t-d/
- Published: 2022-11-21T17:50:10.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:36:55.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бийлик 2023-жылдан 2025-жылга чейин Кумтөр кенинен түшкөн салыктын көлөмү 40.9 млрд сомду түзөт деп күтүүдө. Мындай божомолду 2023-жылга карата бюджет долбоорунда Финансы министрлиги берген.**

> Айтылган мезгил аралыгында алтын казуучу компаниялардын кирешесине салык **38.2 млрд сомду** түзмөкчү.

Жалпысынан алганда 2023-жылы мамлекеттик инвестициялык гранттарды (сырттан келген каражаттар) эсепке алганда, республикалык бюджеттин кирешелери **322.7 млрд сом** же ИДПнын 34.8%ын түзөт деп алдын ала караштырылууда.

2024-2025-жылдары республикалык бюджеттин кирешеси **389.2 млрд сомду** жана **443.8 млрд сомду** түзмөкчү.