> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# MegaCom келерки жылы сатыкка коюлганы жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/22/megacom-kelerki-zhyly-satykka-kojulgany-zhatat/
- Published: 2022-11-22T13:30:54.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:23.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик мүлк фонду 2023-жылы “Альфа Телеком” ЖАКты (MegaCom уюлдук оператору, мамлекеттин үлүшү – 100%) сатуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына аталган фонддун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди, деп маалымдайт [24.kg](https://24.kg/).**

Анын айтымында, учурда уюлдук оператордун наркы 14 млрд 15 млн сомго (КР Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча **165 млн доллар**) бааланат. Акыркы бааны баалоочу компания аныктайт.

> «Долбоорду өзгөртүү боюнча дагы деле сунуштар түшүп жатат. 2023-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде сатыкка чыгарабыз. Бул аукцион же конкурс болушу мүмкүн. Улуттук банк да ага катыша алат», – деп Бакировдун айтканын [Kaktus.media](https://kaktus.media/doc/471032%5Fmirlan%5Fbakirov%5Fobiasnil%5Fpochemy%5Fpoka%5Fne%5Fprodali%5Fmegacom.html) билдирди.