> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт - эксперт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/24/lk-b-zd-2-milliondon-ashyk-adam-k-n-n-125-somgo-zhashajt-ekspert/
- Published: 2022-11-24T16:38:22.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:17:09.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2 млн 200 миң адам күнүнө 125 сомго оокат кылат. Бул тууралуу “Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу” деген темада өткөн тегерек столдо эксперт Канат Тилекеев билдирди.**

Ал азык-түлүктүн баасы 46%га кымбаттап, бул калктын азык-түлүк корзинасына таасирин тийгизип жатканын белгилеп айтты. Жакырчылыктын деңгээли 33%га өстү. **Шаардагы жакырчылык айыл жергесиндеги жакырчылык менен тең болуп калды.**

> «Калктын дээрлик 6%ы ачарчылыкка жакын абалда жашап жатат. Жогоруда айтылгандардын негизинде азык-түлүк коопсуздугу мамлекеттин эң приоритеттүү маселесине айланышы керек», – деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Эксперттер азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык мамлекеттик органдары комплекстүү чара көрүшүн сунушташты.