Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт - эксперт

Кыргызстанда 2 млн 200 миң адам күнүнө 125 сомго оокат кылат. Бул тууралуу “Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу” деген темада өткөн тегерек столдо эксперт Канат Тилекеев билдирди.

Ал азык-түлүктүн баасы 46%га кымбаттап, бул калктын азык-түлүк корзинасына таасирин тийгизип жатканын белгилеп айтты. Жакырчылыктын деңгээли 33%га өстү. Шаардагы жакырчылык айыл жергесиндеги жакырчылык менен тең болуп калды.

«Калктын дээрлик 6%ы ачарчылыкка жакын абалда жашап жатат. Жогоруда айтылгандардын негизинде азык-түлүк коопсуздугу мамлекеттин эң приоритеттүү маселесине айланышы керек», – деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Эксперттер азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык мамлекеттик органдары комплекстүү чара көрүшүн сунушташты.