> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/28/banktardyn-kredittik-portfelinde-zhyl-bashynan-beri-dollardyn-k-l-m-12-ga-kyskardy/
- Published: 2022-11-28T10:50:23.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:34:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Банктардын кредиттик портфели 2022-жылдын сентябрь айынын аягында 194 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=ZlxB0M2d51I) билдирди.**

Анын айтымында, 2022-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүүсү 7%ды түзгөн жана экономикада дедолларизация уланууда.

> “Банктардын кредиттик портфели сентябрдын аягында **194 млрд сомду** түздү, жылдын башына салыштырмалуу 6.8%га көбөйдү. Анын ичинде кредиттик-портфелде сомдун сомдун көлөмү **149.8 млрд сомду**, жылдын башына караганда 14.4%га жогорулады. Ал эми **доллардын көлөмү 12.5%га** кыскарды, дедолларизация экономикада уланып жатат”, – деди Жапаров. 

Ошондой эле ал экономикада акча жүгүртүүнүн көлөмү ИДПга карата 47%ды түзгөнүн кошумчалады. 

Эскерте кетсек, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, “КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана “КРнын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралган.