> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын 64%ы салык төлөөнү маанилүү деп эсептебейт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/28/kyrgyzstandyktardyn-64-y-salyk-t-l-n-maanil-dep-eseptebejt/
- Published: 2022-11-28T14:45:33.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы салык төлөө боюнча кыргызстандыктардын пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, калктын басымдуу бөлүгү салык милдеттенмелерин аткарууга олуттуу мамиле жасабайт. Мындай маалымат Улуттук салык форумунда айтылды.**

> “Борбордук Азия университети 2022-жылы чакан изилдөө жүргүзгөн. Суралгандардын 36%ы Кыргызстанда салык төлөөнү өзүбүздүн милдетибиз деп эсептейбиз деп жооп беришти. Бирок эмнегедир негизги масса (64%) антип ойлобойт экен”, – дейт президенттик аппараттын изилдөө, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти Вячеслав Пак.

Эксперт кыргызстандыктар салык төлөө боюнча өтө кеч — 16 жашында жогорку класста гана билишерин түшүндүрдү. Мындан тышкары, бул маселеге өтө аз – мектепте бир гана саат убакыт бөлүнөт.

> “Салык маданияты жагынан адамда жоопкерчиликти, патриоттуулукту ойготуу үчүн бул аздык кылат деп эсептейм. Мен бир маанилүү нерсени айткым келет: адам мамлекеттен өзүнүн социалдык милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга моралдык укугу болушу үчүн, ал салыкты өзү төлөп, мамлекет алдындагы милдеттенмелерин аткарышы керек”, – деп эсептейт эксперт.

Пак ошондой эле салык маданиятынын системалуу өсүшү менен потенциалдуу салыктык кирешелер да көбөйөрүн кошумчалады.