> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/11/30/asman-shaary-shamal-zhana-k-n-elektr-stanciyalary-saud-investorlorgo-7-dolboor-sunushtaldy/
- Published: 2022-11-30T17:37:33.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:09:50.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Сауд Арабиялык инвесторлорго жети ири перспективдүү долбоорлор сунушталды. Кечээ, 29-ноябрда, Сауд Арабиясынан келген бизнесмендердин иш сапарынын алкагында аталган долбоорлор ишке ашырылып жаткан жерлерде иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирди Инвестиция агенттиги.**

Алсак, иш сапардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Kyrgyz Wind System компаниясынын кубаттуулугу 100 МВт болгон **шамал электр станциясын куруу** боюнча өлкөнүн биринчи долбоору көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, «Дордой-Балыкчы» ЖЧКсынын бир өндүрүш нөөмөтүндө 100 баш чоң малды жана 1000 баш майда малды соё ала турган **эт комбинаты** көрсөтүлдү. Ал жакынкы үч айда ачылып, Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоо пландалып жатат.

Ошондой эле жумушчу топ МЖӨ механизми аркылуу ишке ашыруу пландалып жаткан «Бишкек Солар» ЖЧКсынын **күн электр станциясын** куруу долбоору менен таанышты. Андан кийин халал стандарттары боюнча курула турган «Керемет Резорт» **курорттук эс алуу борборунун** долбоору сунушталды. Инвестициялардын керектүү көлөмү 8 млн доллар, каралып жаткан аянт 6 гектарды түзөт.

> Делегация ошондой эле **«Экологиялык таза “Асман” шаары»** курулуш долбоорунун чоо-жайы менен таанышты. Эске салсак, долбоорго ылайык, шаар Ысык-Көлдүн жээгиндеги 4 миң гектар жерге курулуп, үстүнөн көз чаптырганда улуттук музыкалык аспап – комузду элестетет.

Андан ары **гольф клубун** куруу долбоору сунушталды. Ал арада экинчи топ Сауд Арабиясынын алдыңкы энергетикалык компаниясы Aqua Power менен биргеликте Токтогул ГЭСине барып, **Камбар-Ата 1-ГЭСинин** курулушу жүрүп жаткан жерди көрүштү.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316550591_445112731143984_1349196618927221214_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316550591%5F445112731143984%5F1349196618927221214%5Fn.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316087880_445112781143979_4351521405703542387_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316087880%5F445112781143979%5F4351521405703542387%5Fn.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/317095017_445112681143989_9051133569343232465_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/317095017%5F445112681143989%5F9051133569343232465%5Fn.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316828832_445112711143986_7043589095587745895_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316828832%5F445112711143986%5F7043589095587745895%5Fn.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316826074_445112601143997_5289354394960358787_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316826074%5F445112601143997%5F5289354394960358787%5Fn.jpg)