> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат - ЕӨБдүн божомолу
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/02/dollardyn-kursu-kelerki-zhyly-83-3-som-de-geelinde-karmalat-e-bd-n-bozhomolu/
- Published: 2022-12-02T12:15:45.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:33:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) банкка мүчө өлкөлөрдүн экономикасы боюнча жаңыланган болжолун жарыялады. Финансы институтунун эксперттери келерки жылы Кыргызстанда инфляция басаңдайт деп күтүшүүдө.**

Банктын талдоочулары бул жылы өлкөдө баалардын өсүшү **14%ды** түзөрүн, бирок келерки жылы ал 5.2%, 2024-жылы **4.8%га** төмөндөй тургандыгын божомолдошууда. Ошол эле учурда ЕӨБ Кыргызстандагы анча-мынча инфляциялык тобокелдиктерди жокко чыгарбай тургандыгын да белгилейт.

Үстүбүздөгү жылы 1 доллардын орточо жылдык алмашуу курсу 83.7 сом деңгээлинде болжолдонууда. ЕӨБ **2023-жылы** ал болжол менен ушул эле деңгээлде **(1 доллар – 83.3 сом)** кармаларын билдирди. Бирок 2024-жылы улуттук валюта – сом алсырап, 1 доллар 85 сомдон да жогору көтөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.

> «Бул \[2023-жылы сомдун курсун турукташтырууга\] жарым-жартылай КР Улуттук банкынын акча-кредит саясаты көмөктөшөт. Узак мөөнөттүү келечекте фундаменталдык факторлордун аракети сомдун курсунун төмөндөшүнө алып келет, жылына болжол менен 2%га көбөйөт», – деп айтылат ЕӨБдүн божомолунда.