> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда көмүскө экономиканын расмий эсептелген көлөмү 21% түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/12/kyrgyzstanda-k-m-sk-ekonomikanyn-rasmij-eseptelgen-k-l-m-21-t-zd/
- Published: 2022-12-12T09:57:22.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:36:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын көлөмү 2021-жылы 155 млрд сомду же ИДПга карата 21%ды түздү. Мындай маалыматты Улутстатком жүргүзгөн талдоолоруна таянып билдирди.**

> 2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын ИДПга карата үлүшү мурунку жылга салыштырмалуу 0.2%дык пунктка жогорулаган. Бул чекене соода, мейманканалар жана ресторандар, ошондой эле иштетүү өндүрүшү тармактарындагы үлүштѳрдүн жогорулашы менен шартталган.

**Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү**  
 *(* *ИДПга карата пайыз менен* *)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/image-1.png)

2021-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү 2017-жылга салыштырмалуу 2.6%дык пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соода тармагынын үлүшүнүн (3%дык пунктка) кыскарышы менен шартталганын Улутстатком билдирди.

**Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн экономика\***  
*(* *ИДПга карата пайыз менен* *)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/image.png)