> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өнөр жай өндүрүшү Кумтөрдүн эсебинен 14%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/12/n-r-zhaj-nd-r-sh-kumt-rd-n-esebinen-14-ga-st/
- Published: 2022-12-12T13:09:53.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:41:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда январь-ноябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га өсүп, 383 млрд 209 млн сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Кумтөр кенин иштетүүнү эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 226.1 млрд сом деңгээлинде гана катталып, өсүү темпи **3.9%ды** гана түзгөн.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында **383 млрд сомдон** ашты.

**Оң тенденция негизги металлдарды** **(+30%)**, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (29.3%) эсебинен камсыздалды. Ал эми ага кошумча мунайзат (14.4%), тамак-аш жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (11.2%), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн (5.9%), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (8.5%) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 14%га көбөйдү.