> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд сом трансферт болгон
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/23/2022-zhyly-respublikalyk-bjudzhetten-zhergilikt-bjudzhetterge-6-mlrd-som-transfert-bolgon/
- Published: 2022-12-23T14:48:22.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:06:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги 2022-жылы жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн бюджет аралык трансферттер боюнча маалымат берди.**

Анда 2022-жылдын январь-ноябрында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге **6 млрд сом** суммасында бюджет аралык трансферттер бөлүнгөнү айтылат. 

**Теңдештирүүчү трансферттер** – 1.3 млрд сомго каржыланган.

**Максаттуу трансферттер** – 4.7 млрд сомго каржыланган.

####  Алар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

- Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарга электр энергиясын пайдалануу үчүн төлөөдө 50% өлчөмүндө компенсацияга – **148 млн сом** каржыланган
- Статисттердин айлык акысына – **140 млн сом** каржыланган
- Калктуу конуштардын генпланын түзүүгө – **50 млн сом**
- ГРСтин айлык акысына – **46.3 млн сом**
- жергиликтүү бюджеттерге коммуналдык кызматтар боюнча карыздар жана башка чыгымдар (э/энергия, жылуулук/энергия, көмүр жана ирригация казандарын оңдоо) **– 93 млн сом**
- Маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга **– 3.1 млрд сом**
- Каракол шаарына **– 885 млн сом**
- Токмок шаарына **–** **40 млн сом**
- Жер налогунун түшүүсүнөн **–** **112 млн сом**
- Ош шаарына **–** **65 млн сом**
- Баткен шаарына **– 15 млн сом.**