> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын өнөр жайы 14.3% өстү – бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жакшы көрсөткүч
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/26/kyrgyzstandyn-n-r-zhajy-14-3-st-bul-eaeb-lk-l-r-n-n-ichindegi-e-zhakshy-k-rs-tk-ch/
- Published: 2022-12-26T09:22:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:40:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү 14.3%га өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.**

Касымалиев ЕАЭБ өнөктөш өлкөлөрүнүн арасындагы өндүрүштүн көлөмүн салыштырды. Алсак, Арменияда өнөр жай өндүрүшү 9.9%, Казакстанда 1.4%, Россияда 0.1% өскөн. Белоруссияда 5.9%га төмөндөө байкалган.

Белгилей кетсек, ЕАЭБтин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022-жылдын январь-октябрь айларында 1.3 трлн долларды түзгөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда январь-ноябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү **Кумтөрдүн эсебинен** өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14%га өсүп, 383 млрд 209 млн сомду [түздү](http://localhost/info-portal/news/2022/12/12/n-r-zhaj-nd-r-sh-kumt-rd-n-esebinen-14-ga-st/).

> Кумтөр кенин иштетүүнү эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 226.1 млрд сом деңгээлинде гана катталып, өсүү темпи **3.9%ды** гана түзгөн.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында **383 млрд сомдон** ашты.