Майнингден он айда бюджетке дээрлик 11 млн сом салык түштү

Майнингден түшкөн салыктын эсебинен январь-октябрь айларында республикалык бюджет 10 млн 587.2 миң сомго көбөйдү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги берди.

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-августунан тартып криптовалюта менен алектенген жеке ишкерлер үчүн майнинг салыгы киргизилген жана ал киреше салыгынын, КНС жана сатуудан түшкөн салыктын ордун баскан.

Майнинг салыгы КНСти жана сатуудан түшкөн салыкты кошкондо, майнинг учурунда керектелген электр энергиясы үчүн чегерилген суммалардын негизинде түзүлөт. Салык ставкасы 15% өлчөмүндө белгиленген.

Эскерте кетсек, майнинг иштетүүчү субъекттер үчүн электр энергиясына жогорулатылган тариф кВт/саат үчүн 5.04 сом өлчөмүндө белгиленген (салыктарды эсепке албаганда).

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Энергетика министрлиги Кыргызстанда беш майнинг ишканасы иштеп жатканын, алар электр энергиясын өз алдынча өндүрүп, жалпы электр тармагына кошулбаганын билдирген болчу.