> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылды 434.8 млрд сом менен жабабыз - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/28/2022-zhyldy-434-8-mlrd-som-menen-zhababyz-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-12-28T15:50:17.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:56:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны ушул сааттарда өтүүдө.**

Жыйында баяндама жасаган минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстарын **404.2 млрд сомдон** ашыруу планы коюлганын билдирди.

> “Жылды болжол менен **434.8 млрд сом** менен жабабыз. Эки жылда бюджетти эки эсеге көтөрө алдык. Садыр Жапаров бийликке келгенде консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247 млрд сом болсо, 2023-жылы 503 млрд сомго жетебиз деп жатабыз”, – деди минкабдын жетекчиси.

Ошондой эле ал акыркы 10 жылда салыктык түшүүлөрдүн эң көбү 70 млрд сом болсо, 2022-жылдын аягына чейин **155 млрд сом** чогултуларын кошумчалады жана эки жылда **тоо-кен тармагынан 70.9 млрд сом** түшкөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга карата иш планы каралууда.