> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик жана тышкы карызды тейлөөгө 39.5 млрд сом жумшалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/12/28/mamlekettik-zhana-tyshky-karyzdy-tejl-g-39-5-mlrd-som-zhumshaldy/
- Published: 2022-12-28T16:17:37.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:41:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Тышкы карызды тейлөө боюнча, кечиктирүү болгон жок. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-декабрда өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.**

> “Мамлекеттик карызга **39.5 млрд сом,** анын ичинен тышкы карызга 26.7 млрд сом берилди. Ушуну менен тышкы карызды тейлөө графиги ийгиликтүү аяктады. Акыркы төлөмдөрдү 23-декабрда жүргүздүк”, – деди ал. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-28-at-16.11.51.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/Screen-Shot-2022-12-28-at-16.11.51.png)

2022-жылдын **30-сентябрына** карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) **5 млрд 218 млн долларды** (418 млрд 384 млн сом) түзгөн. 

Финансы министрлиги берген [маалыматка](https://www.minfin.kg/posts/obsluzhivanii-gosudarstvennogo-dolga-za-yanvar-ok) таянсак, карыздар төмөндөгүдөй:

- 79.8% мамлекеттик тышкы карыз — **4 млрд 162 млн доллар** (333 млрд 769 млн сом)
- 20.2% мамлекеттик ички карыз — **1 млрд 28 млн доллар** (84 млрд 615 млн сом).

Улутсаткомдун берген[ маалыматын](http://www.stat.kg/kg/opendata/category/34/) карасак, Кыргызстандын тышкы карызы беш жыл катары менен көбөйүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 5 млрд 150 млн долларды (436 млрд 587 млн сом) түзгөн.